Эми мугалимдер толтура турган документтердин саны кыскарат.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, министр Алмазбек Бейшеналиев мугалимдер жүргүзүүгө милдеттүү болгон документтердин тизмесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Ага ылайык, план-конспектини мектепте иштеген эмгек стажы беш жылдан ашкан мугалимдер жазбайт, сабакты чыгармачылык менен өтө алышат.
Ал эми эмгек стажы беш жылга жете электер план-конспект толтурат.
Аны колго дагы, компьютерде да жазса болот.