15-апрелден тартып дагы беш шаарда балдарды 1-класска кабыл алуу боюнча электрондук каттоо иштеп баштайт.
Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, аталган мөөнөттөн тартып Каракол, Нарын, Баткен, Талас,
Кара-Суу шаарларындагы ата-энелер 1-класска бара турган балдарын электрондук түрдө каттаса болот.
Каттоо 15-августка чейин уланат. Эске салсак, учурда аталган долбоор Бишкек,
Ош, Кара-Балта, Кызыл-Кыя, Жалал-Абад шаарларында иштеп жатат.