Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нарын облусунун Ат-Башы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Мындай чечимди жергиликтүү администрация кабыл алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

 

2-майда тоолуу райондорго кар жаап, Арпа өрөөнүндөгү кыштоодо 5 үй-бүлө ири сандагы малы менен калып калган. Ак-Бейит, Беш-Сары, Ичке, Кемесия тилкелеринде калган малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана кырдаалды жөнгө салуу аракеттери уланып жатат.