Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолун курууга россиялык компаниялар катышат

Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолунун курулушуна россиялык компаниялар катышат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, келишимге Бишкек инвестициялык саммитинин алкагында кол коюлду.

Документ тараптардын кызматташтыгынын негизги багыттарын, формасын жана шарттарын аныктайт.

Долбоордун биринчи этабында 63 чакырымды түзгөн Балыкчы-Кочкор бөлүгүн куруу каралган.

Белгилеп кетсек, жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн темир жолду куруу 2030-жылга чейин аяктары, ага кошумча инвестиция тартылбастан, өлкөнүн өз каражаты жумшалары айтылган.