Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 35 миллион доллар алат.
Бул тууралу президент аппаратынан билдиришти. Маалыматка караганда,
анын 17,5 миллион доллары насыя, калган жарымы гранттык негизде келет.
Насыяны төлөө мөөнөтү — 38 жыл, анын ичинен алты жылы жеңилдетилген.
Пайдалануу мөөнөтү беш жыл.