Улуттук банк тарыхтагы рекорддук интервенция жасады

Улуттук банк тарыхтагы рекорддук интервенция жасады. Мекеме кечээ валюта рыногуна 86 миллион доллар сатты. Бул быйылкы жылдагы экинчи интервенция, айдын башында 70 миллион доллар сатылган.

 

Эске салсак, өткөн жылы банк  15 интервенция жасап, валюта рыногуна жалпысынан 698 миллион 950 миң доллар саткан.