Кыргызстанда электр энергиясын керектөөдө «күн-түн» тарифин киргизүү пландалууда

Кыргызстанда электр энергиясын керектөөдө «күн-түн» тарифин киргизүү пландалууда.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Маалыматка ылайык, тариф түнкүсүн арзан, күндүз кымбат болот.

Чиновник кошумчалагандай, Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки саат 6дан 9га чейин жана эртең мененки 7ден 11ге чейин белгиленген.

Эске салсак буга чейин Министрлер кабинети электр энергиясын керектөөчүлөрдүн жаңы категориясын киргизген.

Тагыраагы, электр энергиясын чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн жаңы тариф 5 сом 4 тыйын өлчөмүндө бекитилген.