Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азиянын үч жолку чемпиону болду. Ушул тапта Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында ал финалда япониялык Каито Инабаны 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

 

Жоламан Шаршенбеков бул мелдеште жалпы 41 балл алып, атаандаштарына бир да балл уттурган жок.

 

Белгилеп кетсек, спорттук чемпионат бүгүн жыйынтыкталат. Буга чейин балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу алтын медаль алышкан.