Балыкчыдагы канаттуулар фабрикасын каржылоо жанданат.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Ысык-Көл облусуна
болгон иш сапарында белгилүү болгондой, 24-декабрдан тартып Россия-Кыргыз
өнүктүрүү фонду каражат бөлө баштайт. Каражат маселеси чечилгенден кийин,
ишкана 15-январда жумушун калыбына келтирет. Андагы продукциялар апрель
айына тартып дүкөндөрдүн текчелерине коюула баштамакчы. Белгилеп кетсек,
канаттуулар фабрикасы жылына 4,5 миллион бройлер-тоокту
өндүрүүгө жана 12,5 миң тонна этти кайра иштетүүгө жөндөмдүү.