Кыргызстанда көмүрдүн дефицити жок.
Бул тууралуу Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы
Жыргалбек Сагынбаев билдирет. Анын айтымында, 2020-2021-жылуулук берүү сезонуна
дээрлик 2,5 миллион тонна көмүр керектелет, анын 240 миң тоннасы бюджеттик жана
муниципалдык мекемелерге, ошондой эле 1 миллион 110 миң тоннадан калкка жана
Бишкек жылуулук борборуна керектелет. Андан тышкары, республика боюнча
отун сатуучу 780 түйүн жана 300 мобилдик пункттар иштеп жатат. Учурда
Кыргызстанда көмүр жетиштүү, дефицит байкалган жок, — деп кошумчалады Сагынбаев