Кара-Кече көмүр кени ишин жандандырды

Кара-Кече көмүр кени ишин жандандырды.

“Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей,

көмүр кени 30-31-октябрда жабык болчу. Бул анда иштеген кызматкерлердин

коронавируска кабылды деген маалымат тарагандыгына байланыштуу.

ирок кызматкерлерден коронавирус такталган жок, болгону сасык тумоого чалдыгып калышкан.

Учурда алардын бары ооруга байланыштуу өргүүдө. Кечээтен тартып башка кызматкерлер ишке чыгышты.

Коллективдин бары КОВИД-19га ПЦР-тест тапшырышты. Аларга атайы транспорт уюштурулуп,

санитардык талаптар күчөтүлдү, — деп кошумчалашты ишканадан.