Президент балатысы 27-декабрда өтөт.
Бул тууралуу 24 агенттигине өлкө башчы маалымат кызматынын жетекчиси
Нургазы Анаркулов билдирди. Анын айтымында, иш-чара онлайн форматында өтөт.
Концерттик программа телеканалдар аркылуу көрсөтүлөт. Ал эми балдарга белектерди
27-декабрга чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тапшырып беришет.
Жалпысынан 1 миң 800 балага жаңы жылдык белектер ыйгарылат.