Бардык базарлар дезинфекцияланат

Бардык базарлар дезинфекцияланат.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, эл көп топтолгон жерлерде коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталууда.

Мындан улам базарлар 2-3 күнгө жабылып, анда дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт.