Өзгөчө абал режими аяктагандан кийин Бишкекке киргендерди текшерүү күчөтүлүшү ыктымал

Өзгөчө абал режими аяктагандан кийин Бишкекке киргендерди текшерүү күчөтүлүшү ыктымал.

Вице-мэр Татьяна Кузнецованын айтымында, шаарга келе жаткандардан өткөрмө кагаздын,

экспресс-тесттин же ПЦР-анализинин жыйынтыгы тууралуу маалым кат талап кылынышы мүмкүн.

Жөө адамдардын жана унаалардын каттамын чектөө максатында ички санитардык постторду коюу

маселеси каралып жатат. Ошондой эле жаңы конуштардагы карантиндик чаралар күчөтүлөт.

Буга чейин Бишкекте коронавируска кабылгандардын жашаган аймактарынын тизмеси жарыяланган.