Бишкекте жарандарды 1,6 миллион сомго алдаган 19 жаштагы кыз кармалды.
Бул тууралуу Биринчи май райондук ИИБдин басма-сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө бир аял арыз менен кайрылган.
Арыздын негизинде, эки жаран өздөрүн биржа компаниясынын жумушчуларыбыз деп тааныштырышып,
бул компанияга акча салса кайра 40-50 пайыз менен пайда табаарын убадалашкан.
Ал аял алардын эсебине акча которгондон кийин алдамчылар из жашырып кетишкен.