Баткен аба майданы ноябрдын соңунда ишке берилери айтылды

Баткен аэропортунун ремонт иштери ноябрь айынын соңунда бүткөрүлүп, ишке берилет. Бул тууралуу 21-октябрда Жогорку Кеңштеги «Ишеним» фракциясынын жыйынында «Манас» эл аралык аба майданынын өкүлү Бакытбек Бекбача уулу билдирди. Анын айтымында, учуп-конуу тилкеси талапка жооп бербейт деген негизде Жарандык авиация агенттиги 1-сентябрда сертификатты узарткан эмес.

«Учуп-конуу тилкеси 1970-80-жылдары курулган. Ошону жасагыла деген милдеттенме койгон. Биз 1-августтан баштап сынак өткөрүп, 30-августта келишимге кол койдук. 3-сентябрдан тартып мобилизацияны башташты. Азыркы учурда тешиктери бүтөлүп, биринчи катмары төшөлүп бүттү. Баткен окуяларына байланыштуу иш бир аз токтоп калды, ноябрдын аягына чейин бардык жумуштар бүтүрөбүз», — деди Бекбача уулу.

Депутаттар Баткенге көңүл бурулуп жаткан учурда аба майдандын иштебей тургандын, эң зарыл учурда кереги тийбегенин сынга алышты.

Кыргыз-тажик чек арасында соңку окуяда Баткен районунун Тажикстан менен чектеш ондон ашуун айылдарынын тургундары Баткен шаарына эвакуацияланган. Түштө Баткен шаарынын борбору жана жарандык аба майданы аткыланганы тууралуу кабар тарап, эл кайра Кадамжай району тарапка эвакуация болгон.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.