Ош шаарында директорлорду тандоо боюнча сынактын экинчи айлампасында  16 талапкер босого баллдан өттү

Ош шаарында директорлорду тандоо боюнча сынактын экинчи айлампасында 16 талапкер босого баллдан өттү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин алдындагы Билим берүүнүн сапатын баалоо улуттук борборунан билдиришти.

 

Калаада сегиз директордун орду бош. Тестирлөөдөн өткөн талапкерлердин эң көп балл алганы кызматка дайындалат.

 

Калганы резервге киргизилет. Эске салсак, Кыргызстанда мектепти беш жылдан ашуун жетектеген 966 директор президенттин жарлыгы менен иштен алынган.