Баткенде 603 адамдын документи калыбына келтирилүүдө

Баткенде өткөн айдагы чек арадагы каргашада жабыркагандардын документтерин калыбына келтирүү боюнча жалпысынан 603 арыз түшкөнүн бүгүн 21-октябрда Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

 

Мекеменин маалыматына караганда, арыздар Баткен жана Лейлек райондорунан түшкөн, документтерди калыбына келтирүү иши активдүү жүрүп жатат.

Буга чейин аталган маселеге байланыштуу “Инфоком” ишканасы жана министрликтин Калкты каттоого алуу департаменти биргелешип Баткендин үч районунда жана Бишкек менен Ошто беш мобилдик топ түзүшкөн болчу.

 

Быйыл 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

 

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирген. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып 81 кишинин тизмесин жарыялаган.