Баткен облусуна өзгөчө макам жыл аягына чейин берилет

Баткен облусуна өзгөчө макам жыл аягына чейин берилет.

 

Бул тууралуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эрмек Бахавидинов билдирди.

 

Анын айтымында, макам облусктун административдик укуктарын кеңейтип, өзгөчө инвестициялык жана салыктык режимдерди киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жыл сайын аймакка мамлекеттик бюджеттен 500 миллион сом бөлүнөт. Министрлер кабинети мамлекеттик программаны жакынкы арада тартуулайт.