Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына Айбек Жунушалиев дайындалды

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына Айбек Жунушалиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

 

45 жаштагы Жунушалиев буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ал эми 10 күн мурда мэр болуп дайындалган Таалайбек Сарыбашов өз каалоосу менен кызматтан кеткенин бүгүн жарыялады. Эске салсак, БШК ордо калаада мэрдин шайлоосун 26-августка белгилеген.