Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп жаңы окуу жылына чейин калыбына келтирилет

Лейлек районунун Максат айылындагы мектеп жаңы окуу жылына чейин калыбына келтирилет. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, оңдоо иштери жакынкы арада башталат.

 

Эске салсак, Максат айылындагы мектеп чек ара жаңжалында толугу менен талкаланып калды. Анда 300дөн ашык окуучу билим алып, 20 мугалим жана 12 техникалык кызматкерлер эмгектенип келишкен.