Коронавируска байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилбейт

Коронавируска байланыштуу катаал чектөөлөр киргизилбейт.

Болгону жарандардан жоопкерчиликтүү мамиле керек, — деп билдирди биринчи

вице-премьер-министр Артем Новиков. Ал белгилегендей, ооруканаларда керебеттердин жана

тез жардам бригадаларынын саны көбөйтүлүп жатат. Дары-дармектер жетиштүү. Учурда

ооруканаларга COVID орточо оор жана айрым учурда өтө оор формасына кабылгандар түшүп жатат.

Көбүнчө мындай кырдаалга үй шартында өз алдынча дарыланган бейтаптар туш болууда.

Андан улам, жарандарда вирустун белгилери байкалса дароо ооруканага кайтылуу сунушталат.