Россиядагы элчилик мигранттарды согуштук аракеттерге катышуудан оолак болууга чакырды

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги ал жакта убактылуу жашаган кыргыз жарандарын согуштук аракеттерге жана куралданган кагылышууларга катышуудан оолак болууга чакырды. Маалыматта айтылгандай, бул үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесине ылайык мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Эгер Россиядагы кыргыз жарандарына согуштук аракеттерге катышууга чакыруу келсе, токтоосуз элчиликке кайрылуу керек.

Белгилеп кетсек, бүгүн 21-сентябрда президент Путин Россияда жарым-жартылай мобилизация жарыялоо жарлыгына кол койду.