Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерин социалдык колдоо үчүн дээрлик 23 миллион сом бөлүндү.
Майыптар, Ленинград блокадачылары жана концлагердин жашы жете элек туткундары 7 миң сомдон,
эмгек армиячылары жана майыптыгы бар ооруктун эмгекчилери 2 миң сомдон жана согушта курман
болгондордун үй-бүлөлөрү, ошондой эле кайратман эмгеги үчүн сыйлыгы бар ооруктун эмгекчилери 1 миң сомдон
алышат. Төлөмдөрдү берүү башталды. Кошумчаласак, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 146 ардагер жашайт.