Баткен облусунда ири 4 ирригациялык канал курулууда

Баткен облусунда ири 4 ирригациялык канал курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Объектилер Кадамжай, Баткен жана Лейлек райондорунда пайда болот.

 

Долбоорлорду ишке ашыруунун баасы 100 миллиондон 500 миллион сомго жетет. Каналдар колдонууга берилгенден кийин бир нече миң гектарга жакын жаңы жерлер иштетилет.