Майда Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасынын 400 миң дозасы жеткирилет

Майда Кыргызстанда AstraZeneca вакцинасынын 400 миң дозасы жеткирилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

 

Анын айтымында, COVAX программасынын алкагында препаратты жеткирүү боюнча макулдашуу сентябрда эле жетишилген. Бирок вакцинанын терс таасирлери тууралуу маалымат тараганда, Кыргызстан процессти убактылуу токтоткон болчу.

 

Кийин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму учурлар вакцинага тиешеси жок экенин жарыялап, бир катар мамлекеттер эмдөөнү жанданткан, — деди Ишенапысова.