Ата-энелерге балдарына мектепке карата кийим-кечелерди алууга шашылбай туруу сунушталат

Ата-энелерге балдарына мектепке карата кийим-кечелерди алууга шашылбай туруу сунушталат.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдиргендей,

буга себеп жаңы окуу жылы онлайн түрүндө башталганында. Учурда 1-класстын окуучулары кандай

шартта окуп баштаары талкууланып жатат. Министрликтин алдында эксперттик кеңеш түзүлдү.

Ал, бул маселени талкуулап жана биринчи класстын окуучулары менен кандай иш алып баруу

сунуштарын иштеп чыгат. Анын жыйынтыгы августтун ортосунда белгилүү болот.