Кыргызстанда окуучуларга монитор жана смартфон экранынан бир жумага эс алуу убактысы келет

Кыргызстанда окуучуларга монитор жана смартфон экранынан бир жумага эс алуу убактысы келет.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, 2-ноябрдан тартып окуучуларга күзгү каникул башталат.

Эс алуу 9-ноябрга чейин созулат. Бирок, 9-10-ноябрь өлкөдө дем алыш күн деп жарыялангандыктан,

балдар сабактарга 11-ноябрда кайтышы ыктымал. Билим берүү экинчи чейректе онлайн же оффлайн

форматында өтөрү азырынча белгисиз. Учурда республикалык штаб эпидемиологиялык кырдаалга

мониторинг жүргүзүп жатат. Акыркы чечим кабыл алына элек. Өз кезегинде саламаттыкты

сактоо министрлиги окууну аралыктан улантуу керек десе, билим берүү министрлиги

окуучулар мектепке кайта турган убак келди деп эсептейт.