Баткен облусундагы чек ара жаңжалынан жабыркаган жарандардын документтерин калыбына келтрүү улануда.
Бүгүнкү күндө келип түшкөн 248 арыз боюнча 173 документ жасалып бүттү, — дешти Мамлекеттик каттоо кызматынан.
Калыбына келтирүү боюнча арыздардын көбү ID-карта боюнча берилди. Андан тышкары, туулгандыгы
тууралуу күбөлүк, нике тууралуу, өлүм жөнүндө, транспорт каражаттарын каттоо,
айдоочулук күбөлүктөр калыбына келтирилип , жарандардын колуна тапшырылды.