Ысык-Көлдө тоого чуркоо марафону өтөт.
Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей,
иш-чара 19-июнда өтөт. Белгилеп кет сек, аталган марафон Кыргызстанда
2018-жылдан тартып өткөрүлүп келет. Жыл сайын ага Кыргызстандан жана
Казакстандан 300гө жакын жөө күлүк катышат.
Анда 3, 10, 22, 42 чакырымга чуркоо пландалат.