Өмүрбек Бабанов кармалды

Кумтөр долбоорун ишке ашырууда коррупциялык ишке барган деген шек менен Өмүрбек Бабанов кармалды.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги Кумтөр кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө

ашыруудагы коррупциялык фактылар тууралуу козголгон кылмыш иши боюнча тергөөнү улантууда.

«Тергөө учурунда алынган далилдердин негизинде, 2021-жылдын 31-майында Кылмыш-жаза кодексинин

319-беренесинин 2-бөлүмү боюнча кылмышка шектүү делип мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов кармалды.

УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө коомчулукка маалымдап турат.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов 2011-жылдын октябрь айынан 2012-жылдын сентябрына чейин Кыргызстандын премьер-министри болгон.