Бишкекте бул жума ысык болушу күтүлөт

Бишкекте бул жума ысык болушу күтүлөт. Синоптиктердин маалыматына ылайык, бүгүн аптаптын туу чокусу болот. Күндүз аба табы +38 градуска чейин ысыйт. Бирок температура эртеңден тарта 1-2 градуска төмөндөйт.

 

Куткаруучулар ысык аба-ырайындагы коопсуздук эрежелерин эскертет – күнгө көп чыкпаганга аракет жасоо керек. Сейилдөө үчүн таңкыжана кечки убакыт ыңгайлуу. Ошондой эле, жарандарга дайым жанында таза суу алып жүрүү сунушталат.