Кара-Балта шаарынын базарлары жумасына эки ирет жабылып турат

Кара-Балта шаарынын базарлары жумасына эки ирет жабылып турат. Аталган калаанын мэриясынан билдиришкендей, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү санитардык тазалоо жүргүзүлөт.

 

Бул аймакта санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу үчүн жасалып жатат.