Кыргызстанга эртең Кытайдан 1 миллион 400 миң доза вакцина жеткирилет

Кыргызстанга эртең Кытайдан 1 миллион 400 миң доза вакцина жеткирилет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов билдирди.

 

Анын айтымында, аталган өлкө препаратты гуманитардык негизде Кыргызстанга тапшырды. Эске салсак, Кытай буга чейин дагы кайтарымсыз негизде биздин өлкөгө Синофарм вакцинасынын ири партияларын жеткирген.