Жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси даярдалды. БШКнын маалыматына ылайык, тизме бардык шайлоо тилкелерине илинет. 25-мартка чейин алардан жарандар өздөрүн тактап алышы керек.
Ал үчүн tizme.gov.kg сайты, 1255 жана 119 кыска номерлери жеткиликтүү же тилкеге келип текшерсе болот.
Эске салсак, 10-апрелде шайлоо 3 шаар жана 13 айыл кеңештеринде өтөт.