Россиянын Сахалин аймагында ууланган 12 кыргызстандык ооруканадан чыкты

Россиянын Сахалин аймагында ууланган 12 кыргызстандык ооруканадан чыкты.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин ЖМКлар «Оргэнергострой» институтунун Углегорск филиалында иштеген

кыргызстандыктардын тамак-аштан ууланганы тууралуу жазышкан.

7-майда Кырызстандын Түштүк-Сахалиндеги консулу Углегорск борбордук ооруканасынын

жетекчилиги менен сүйлөшкөн. Анда мекендештердин ооруканага түшкөнүн тастыкташып,

алардын ден соолугуна коркунуч келбегендиктен ооруканадан чыгарылганын айтышкан.

Окуяны андан ары териштирүү үчүн материалдар Углегорск прокуратурасына жана

Роспотребнадзордун Сахалиндеги башкармалыгына өткөрүп берилген.

Элчилик бул маселени тыкыр көзөмөлүнө алган.