Баткен облусунда талкаланган объектилердин санын тактоо иштери уланууда

Баткен облусунда талкаланган объектилердин санын тактоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Бакытбек Чамашев билдирди.

 

Анын айтымында, аймакта турак үйлөр, социалдык объектилер, соода борборлору жана чек ара заставалары талкаланды. Жарандык коргонуу боюнча атайын комиссия түзүлүп, жеринде иштеп жатат.