Баткен облусунун Лейлек районунда жер титирөө катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, зилзаланын очогу
Тажикстанда жайгашкан. Буга карабай, бүгүн түштө Алга жана Жеңиш айылдарында
жердин силкинүүсү 5 баллга чейин сезилди. Сүлүктү, Исфана шаарларында 4 баллга
чейин жетти. Алдын ала маалымат боюнча жабыр тарткандар жана кыйроолор катталган жок.