Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады.

Самолет аталган шаардан Нур-Султан калаасына карай учкан.

Маалымат каражаттары 9 адам каза болгонун жазууда.

Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, учак жергиликтүү саат

7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин

радардан көрүнбөй кеткен. «Bek Air компаниясына таандык учак

аэродромдун чегинен тыш жерге кулаган. Тирүү калгандар бар.

Кырсыктын жеринде куткаруу кызматтары иштеп жатат”

деп айтылат аэропорт тараткан маалыматта. Учак Алматы облусундагы

Гүлдала айылынын жанында кырсыкка учураган. Окуя болгон жерде

тартылган сүрөттөргө караганда, учак курулуп жаткан имараттардын үстүнө кулаган.