Ошто суу каптаган шахтадан жоголгон жаран изделүүдө.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баглан айылына жакын жерде жайгашкан шахтаны суу каптаган.
Анын ичинде Кызыл-Кыя шаарынын тургуну калып калган. Шахтадагы сууну сордуруп,
издөө иштерин жүргүзүү үчүн 10 куткаруучу тартылды, — дешти министрликтен.
Эске салсак, 10-декабрда Сүлүктү шаарындагы шахтада 4 адам газга ууланып каза болгон.
Куткаруучулар аларды 215 метр тереңдиктен алып чыгышкан.