Баткен облусунун жаңжал чыккан аймагынан 9 миң 706 адам эвакуацияланды

Баткен облусунун жаңжал чыккан аймагынан 9 миң 706 адам эвакуацияланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бул максатта 10 унаа жана ведомствонун 150 кызматкери тартылды.

 

Ошондой эле, райондук жарандык коргонуу кызматынын 60 кичи автобусу алынган. Тургундар мектептерде, мейманканаларда жайгаштырылды. Айрымдары туугандарыныкына жөнөтүлдү.