Мамлекеттик салык кызматы бардык бөлүмдөрүндө “Бирдиктүү терезелерге” электрондук кезекти киргизүү ниетинде

Мамлекеттик салык кызматы бардык бөлүмдөрүндө “Бирдиктүү терезелерге” электрондук кезекти киргизүү ниетинде.

Бул тууралуу novosti.kgге ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. Учурда жаңычылдык бир гана

Биринчи май жана Свердлов райондорунда иштеп жатат. Системага салыкчылар байкоо жүргүзүшөт,

эгер ал оң жыйынтыгын көрсөтсө, системаны андан ары өнүктүрүү пландалууда. Мониторинг жүргүзүү

болжолдуу түрдө жарым жылга созулат. Белгилеп кетсек, электрондук кезек күтүү

салык кызматтарын алууга ыңгайлуу болуш үчүн киргизилди.