Кыргызстанда өткөн айда эттин баасы 11 пайызга кымбаттады

Кыргызстанда өткөн айда эттин баасы 11 пайызга кымбаттады. Бул тууралуу Монополдукка каршы мамлекеттик кызматынын атаандаштык чөйрөнн анализи бөлүмүнүн башчысы Лариса Шустикова билдирди.

 

Анын айтымында, январдан бери эттин баасы 23 пайызга көтөрүлдү.

 

Буга Казакстан өз аймагынан эт жана малды чыгарууга тыюу салганы себеп болду. Андыктан, учурда Өзбекстан жана Тажикстан этти биздин өлкөдөн сатып алууда.