Баткен облусуна саламаттыкты сактоо министри баш болгон дарыгерлердин тобу жөнөп кетти

Баткен облусуна саламаттыкты сактоо министри баш болгон дарыгерлердин тобу жөнөп кетти. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылаыйк, адистер өлкөнүн түштүгүндө жабыркагандарга жардам беришет.

 

Топ Улуттук госпиталь жана Травматология, ортопедия илимий-изилдөө борборунун адистеринен турат. Соңку расмий маалыматтарга ылайык, кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 134кө жетти.