«Барселона» башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверденин эмгек келишимин жокко чыгарды

«Барселона» башкы машыктыруучусу Эрнесто Вальверденин эмгек келишимин жокко чыгарды.

55 жаштагы машыктыруучусунун келишими токтогондугун аталган клуб “Твиттердеги” баракчасына жарыялады.

Вальверде 2017-жылдан бери «Барселона» командасын машыктырып келген.

Анын алдында аталган команда эки жолу Испаниянын чемпиону болгон.

Белгилеп кетсек, «Барселона» быйылкы сезондо 40 упайы менен тизменин сап башында келе жатат.