Баткен жана Кара-Суу округдарында депутаттарды шайлоого 23 миллион сом багытталат

Баткен жана Кара-Суу округдарында депутаттарды шайлоого 23 миллион сом багытталат.

 

Боршайкомдун маалыматына ылайык, каражат добуш берүү процессин уюштурууга, комиссия мүчөлөрүн окутууга, шайлоо жабдууларын, документтерди жеткирүүгө жумшалат.

 

Эки округ боюнча 200 миңден ашык добуш берүүчү катталган. Эске салсак, Баткен жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 28-апрелде өтөт.