Жергиликтүү кеңештерди шайлоонун өтүү мөөнөтү белгисиз.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, баары өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан көз каранды. Эске салсак,
Кыргызстанда 12-апрелде 5 шаар жана 25 айылдык кеңешке шайлоо өтмөк.
Коронавирус пандемиясынан улам ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.