Баткенде жаңы асфальт завод ишке берилет

Баткенде жаңы асфальт завод ишке берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана күнүнө 350 тоннага чейин асфальт чыгарат.

 

Аны сырье менен камсыздоо максатында жанына таш майдалоочу завод курулган. Бул жерде күнүнө 40 тонна таш майдаланат.

 

Асфальт заводу учурда облусту камсыздоого жетишпейт, андан улам жакынкы күндөрү дагы бир асфальт чыгаруучу жана таш майдалоочу ишканаларынын курулушу күтүлүүдө.