Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу дарыгерлер жөнөтүлөт

Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу дарыгерлер жөнөтүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Анын айтымында, аталган эки аймакта эпидемиологиялык абал кооптуу. Абалды жакшыртуу үчүн облустар жогорку квалификациялуу адистерге муктаж.

 

Өкмөт башчы ошондой эле, Баткен менен Жалал-Абадды зарыл препараттар менен камсыздоону тиешелүү органдарга тапшырды.