Нарын облусу коронавирус эң аз катталган аймак болууда

Нарын облустунда 5-ноябрга карата COVID-19 вирусу 6 адамда аныкталды. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб маалымдады.

Аймактардын ичинен вирус эң аз аныкталган азыркы тапта Нарын олбусу бойдон калууда. 151 адам менен Бишкек шаары азыр биринчи орунда, андан кийин 101 киши менен Чүй облусу турат.

 

Ош жана Жалал-Абад облустарында да вирус күчөп жатат. Бир суткада 535 кишиде вирус аныкталып, жалпы ооругандар марттан бери 61 309 адам болду. Алардын 52 343ү айыкты. 1167 киши каза болду.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга токтобогон той-топурлар менен элдин массалык чогулуусу, санитардык нормаларды сактабоо себеп экенин айтууда. Оксфорд университетинин божомолу боюнча Кыргызстанда жыл соңуна чейин коронавирустан 4 миңге чукул киши көз жумушу мүмкүн.